SerepTV Logo

Жалал-Абадда студент кызды ала качкан жигит кармалды

Жалал-Абадда студент кызды ала качкан жигит кармалды
Жалал-Абадда кыз алып качкан жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Кечээ, 8-декабрь күнү саат 07:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө чалуу болуп, Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан "Эмаком "курулуш компаниясынын алдында 3-4 чакты балдар 19-20 жаштагы кызды ак түстөгү Деу Матиз үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып, алып качып кетишкендигин билдирген. Аталган факты Жалал-Абад ШИИБге катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ыкчам тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө алып качкан кыздын аты-жөнү аныкталып, ал Базар-Коргон районунун тургуну, 2004-жылы туулган кыз экендиги, учурда Жалал-Абад шаарынын жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткандыгы такталган. Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө аны өзүнүн айылдашы 1994-жылы туулган жигит өзүнүн шериктери менен алып качкандыгы аныкталып, милицияга жеткирилди. Жабырлануучу өзүнүн ата-энесине өткөрүп берилди. Учурда жигит менен бирге кызды алып качкан кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүүдө.