Жалал-Абадда сот келинге эгиз кыздарын Өзбекстанга алып чыгууга тыюу салды
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту Өзбекстандын 25 жаштагы жаранына эгиз кыздарын коңшу өлкөгө туугандарына алып барууга тыюу салды. Бул тууралуу “Адилет” укук коргоо уюмунун юристтери билдирди.
Алардын айтымында, аял соттон кыздарын эки айда бир жолу коңшу республикага алып чыгууга уруксат берүүнү суранган. Ал ажырашып кеткен. Балдары аны менен ижарага алынган батирде жашайт. Адвокаттар айткандай, келин алимент өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Сот анын эки кызды багуу үчүн сумманы өндүрүү боюнча доосун канааттандырды. Бирок мурунку күйөөсү акча төлөөдөн баш тарткан.
Муну ал мүмкүнчүлүгү чектелгени - кулагы укпаганы менен түшүндүргөн. 2021 жана 2022-жылдар үчүн алимент боюнча карыздын суммасы 102 миң сомду түзгөн. Күйөөсү кыздарынын Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө макулдук бербей жатат. Жактоочу Нурислам Райымжанов келин туңгуюкка кептелгенин айтууда. «Ал балдарын таштап кете албайт. Аялдын туруктуу жумушу, турак-жайы, туугандары жок. Ал эми кыздардын келечектеги тагдыры кандай болот?" - дейт ал.
Келин Кыргызстанда болуу мөөнөтүн узартуу үчүн маал-маалы менен чек арадан өтүп турушу керек.
"Адилет" укук коргоо уюмунун директору Валентина Гриценко муну мурдагы күйөөсүнүн жана мамлекеттик органдардын зомбулугу деп эсептейт. «Эгерде аялдын турак жайы, туруктуу жумушу жок болсо, каралашчу туугандарынын баары Өзбекстанда болсо, эмне үчүн жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратып, эки баласы менен жабыркашы керек? Чынында эле бул маселени адамдык жол менен чечүү мүмкүн эмеспи?" - дейт ал.