SerepTV Logo

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенип жүргөн кыз аныкталды

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенип жүргөн кыз аныкталды
Жалал-Абад облустук милициясы сойкулук менен алектенген дагы 1 кызды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши катталган. Жалал-Абад облусунда жүрүп жаткан “Притон” операциясы учурунда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде Сузак районунун тургуну 1989-жылы туулган кыз сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталып, тергөөгө камсыз кылынды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.