SerepTV Logo

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 2 кыз кармалды (видео)

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 2 кыз кармалды (видео)
Жалал-Абадда сойкулук менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 26-февраль күнү милицияга Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде "массаж жасоо боюнча кызмат көрсөтөбүз" деп сойкулук менен алектенүүгө көмүскө жай уюштуруп, сойкулук менен алектенип жүргөндөр тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Ала-Бука районунун 1995 жана Ноокат районунун 2002-жылы туулган тургундары аныкталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 30 жаштагы С. кызы Ж. 2012-жылдан бери, ал эми 2002-жылы туулган Б.Х. 2023-жылдан бери сойкулук менен алектенип келишкендиги маалым болгон.
edita