Жалал-Абадда отунга барган 6 жаштагы бала сууга чөгүп кетти (сүрөт)
Жалал-Абад облусундагы Чаткал дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 2015-жылы туулган бала дарыя тарапка бир тууган агасы экөө отун алуу үчүн барышкан.
"Саат 11:20 чамасында жерине Чаткал райондук куткаруу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилигинде 12 куткаруучу, 10 ИИМ кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам, жалпы 42 адам тартылган. Учурда издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.