SerepTV Logo

Жалал-Абадда окуучулар топ-топ болуп мушташып, 4 бала ооруканага жеткирилди

Жалал-Абадда окуучулар топ-топ болуп мушташып, 4 бала ооруканага жеткирилди
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу айылдардын биринде окуучулар топ-топ болуп мушташып, 4 бала ооруканага жеткирилди. Анын ичинен 1 окуучунун абалы оор. Бул тууралуу "Кактус" сайты өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, кечээ, 23-май күнү окуучулар жаш жигиттер менен мушташа кетишкен. Азырынча милиция кызматы бул окуяга байланыштуу маалымат тарата элек.
admin@supertv.kg