SerepTV Logo

Жалал-Абадда нефть куюучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

Жалал-Абадда нефть куюучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү
Бүгүн, 6-июнь күнү Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы тилкесинде
"Кыргызнефтегаз" ААКнын нефть куюучу цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 15:52 де түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Майлуу-Суу шаардык №83 ӨККБнөн 1 күжүрмөн эсеп, "Кыргызнефтегаз" ААКнан бир бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 16:30 да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 16:35те толугу менен өчүрүлгөн. Азыркы тапта өрттүн чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="243220,243221,243222,243223"]