Жалал-Абадда мейманкананын ичин, унаа талкалап, 2 жигит сабалган окуя. Жаңы жагдайлар
Жалал-Абад милициясы мейманкананын алдындагы ызы-чууга байланыштуу дагы 1 баланы убактылуу кармоочу жайга киргизип, 3 баланы тергөөгө камсыздады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
- Милицияга 10-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринин алдында бир топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюмдар алынып, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлө баштаган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.