Жалал-Абадда май ташуучу унаа оодарылып калды (сүрөт)
Жалал-Абадда май ташуучу унаа оодарылып калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, "102" кызматына Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында Бишкек-Ош жолунун 497-чакырымында май ташуучу унаа (бензовоз) жол кырсыгына кабылып оодарылып калды деген маалымат түшкөн. Абалды көзөмөлдөө үчүн Майлуу-Суу шарынын №83 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жол кыймылын көзөмөлдө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлдү. Жабыркаган адамдар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55204,55205"]