SerepTV Logo

Жалал-Абадда май куюу бекетинин кызматкерин сабаган милиция кызматкери 3,5 жылга кесилди

Жалал-Абадда май куюу бекетинин кызматкерин сабаган милиция кызматкери 3,5 жылга кесилди
Жалал-Абад облустук соту милиция кызматкерин жана дагы үч кишини «бейбаштык» беренеси боюнча 5 жылга кести. Бул тууралуу маалыматты аталган облустук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, эркининен ажыратылган милиция кызматкери жана дагы үч киши 2019-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарындагы май куюу бекетинин администраторун сабап салышкан. Бирок мунапысты эске алуу менен соттолгондордун жаза мөөнөтү үч жарым жылга кыскартылган.
Unknown Author