SerepTV Logo

Жалал-Абадда курбусунан токмок жеген кыз көз жумдубу? Милициянын жообу

Жалал-Абадда курбусунан токмок жеген кыз көз жумдубу? Милициянын жообу
Буга чейин социалдык тармакта кыздын дагы бир кызды жерге жатып калгыча сабап, жерге жатып калган соң да бир нече жолу тепкилеген видео тараган. Милиция бул окуя ушул жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарында болгонун билдиришкен. Видеодогу эки кыздын курбу экени да маалым болгон. Кечээ, 5-июлда соцтармак колдонуучулары тепки жеген кыздын каза болгонун жазып чыгышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад ОИИБ менен байланышканда, кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат жалган экени маалым болду. "Кыз тирүү",- дешти облустук милициядан.
  • Видеотасма боюнча материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, милиция тарабынан алдын ала териштирүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын аты-жөнү аныкталган. 2006 жана 2003-жылы туулган кыздар милицияга жеткирилген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.