SerepTV Logo

Жалал-Абадда курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды (сүрөт)

Жалал-Абадда курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды (сүрөт)
Жалал-Абад облусунун аймагынан курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунан курал-жарактардын арсеналын табышкан. Аксы районунун 47 жаштагы жашоочусу ар кайсы түрдөгү ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн.  Анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактардын арсеналы табылды: - номуру өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү “Сайга” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы; - 7,62 калибрлүү “Мосина” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы (карабин); - колго жасалган бычак. Мындан сырткары шектүүнүн үйүнөн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды: аюунун, сүлөөсүндүн, суусардын терилери. Бул жаныбарлар Кызыл китепке киргендигин жана аларды атууга тыюу салынганын белгилеп кетүү керек. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="82681,82682,82683,82684"]