Жалал-Абадда көлгө чөгүп кеткен 29 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды (сүрөт)
Жалал-Абадда көлгө чөгүп кеткен 29 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-июнь күнү Аксы районун Кызыл-Туу айыл аймагында 1992-жылы туулган жаран Туюк-Көл көлүнө чөгүп кеткен. 13-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин 8 куткаруучу тартылып, куткаруучулар тарабынан саат 16:00дө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.