SerepTV Logo

Жалал-Абадда катуу шамалдан теректер кулап, үйдү басып калган

Жалал-Абадда катуу шамалдан теректер кулап, үйдү басып калган

Жалал-Абадда үйдүн үстүнө терек кулады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районуна караштуу Жой-Белент айылында 16-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында катуу шамалдын кесепетинен үйдүн үстүнө терек кулаган. Жерине тактоо иштерин жүрүгүзүү үчүн офицер жана 3 куткаруучу тартылган. Тактоо иштеринин натыйжасында, турак үйдүн чатырына 3 терек кулап калгандыгы аныкталып, жергиликтүү тургундардан экскаватор тартылып, теректер коопсуз жайга түшүрүлгөн. Жабыркагандар жок.