Жалал-Абадда карагат тергени кеткен 58 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-август күнү Казарман айылынын 58 жаштагы тургуну Туура-Кайың жайлоосуна карагат тергени кеткен бойдон үйүнө кайтып барган эмес. Кечээ, 30-августта 5 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында, саат 16:00 чамасында маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлери тарабынан Тогуз-Торо райондук өлүкканага жеткирилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="70062,70063,70064"]