Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам көз жумду (сүрөт)
Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында Audi-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1985-жылы туулган эркек киши каза болгон. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="76429,76430"]