Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 адам көз жумду (сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жыйынтыгында 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
"Бишкек-Ош автоунаа жолунун 323-чакырымында жол кырсыгы катталып, VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен LEXUS 470 үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумду. Ал жерге 7 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылган жарандарды чыгарылып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берилди. Тактоо иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.
