Жалал-Абадда жергиликтүү тургундун жанынан 2 килограммга жакын гашиш менен апийим табылды
Жалал-Абад ШИИБ 2020-жылдын июнь айында аталган шаарда жарандардын бири баңгизат сактап жүрөт деген маалымат алган. Бул маалымат каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 1982-жылы туулган тургуну кармалып, текшерүүгө алынды. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы болжол менен 2 килограммга жакын өзгөчө кескин жыты бар зат алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертиза чыкканча шектүү коё берилген. Ал ошол учурда Жалал-Абад шаарынын аймагынан чыгып кетип, изин жашырып жүргөн. Экспертизанын корутундусунда шектүүдөн алынган зат 1 килограмм 800 грамм гашиш, 24 грамм апийим экендиги аныкталды. Жалал-Абад ШИИБде шектүүнү издөө иши ачылып, багыттамалар жөнөтүлгөн. Ыкчам иш-чаралардын негизинде 24-май күнү жаран кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 26-майда башка коргоо чарасы сотто каралып, үй камагына чыгарылды.