SerepTV Logo

Жалал-Абадда жер титиреди. Кыйроолор катталган жок

Жалал-Абадда жер титиреди. Кыйроолор катталган жок
Кечээ, 10-ноябрда саат 23:41 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Анын күчү Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.