SerepTV Logo

Жалал-Абадда жеңил унаа оодарылып, 45 жаштагы киши көз жумду

Жалал-Абадда жеңил унаа оодарылып, 45 жаштагы киши көз жумду

Кечээ, 12-августа Чаткал районундагы Кызыл-Алма тилкесинде Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 8-9 чакырымында Volkswagen-Golf-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчү - 1976-жылы туулган эркек киши, ошол жерде каза болгон. Айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерге Чаткал райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.