SerepTV Logo

Жалал-Абадда жамгырдан кийин турак-үйлөрдү суу каптады (сүрөт)

Жалал-Абадда жамгырдан кийин турак-үйлөрдү суу каптады (сүрөт)

Жалал-Абад шаарынын аймагында 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Сел-Арык сел каналынын кээ бир жерлеринен суу ашып кеткен. Жыйынтыгында шаар аймагындагы бир катар мекеме-ишканалардын жана жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда жогорудагы суу каптаган даректер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мекеме-ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы сууну сордуруу жана кээ бирлерин кайрадан суу каптабаш үчүн бөгөт коюлууда.

"Учурда Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, тиешелүү шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери жана техникалары тарабынан суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="44273,44274,44275,44276"]
edita