Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үй короолорун суу каптады (сүрөт)
Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад шаарында жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, үйлөрдүн короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси баштаган өздүк курам жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды мотопомпанын жардамында сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="237606,237607,237608"]