SerepTV Logo

Жалал-Абадда изделип жаткан 3 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Жалал-Абадда изделип жаткан 3 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
Жалал-Абад ШИИБге Ырыс айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында 2021-жылы туулган уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондугун билдирген. Аталган факты Жалал-Абад ШИИБге катталып тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, тийиштүү кызматтарга атайын тергөө тапшырмалары берилген. 28-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында 2021-жылы туулган баланын жансыз денеси беде талаадагы каналдын боюнда табылган. Анын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында атайын тийиштүү экспертизалар дайындалган.