Жалал-Абадда экинчи аял алган жаранга карата кылмыш иши козголду (видео)
Жалал-Абадда экинчи аял алган жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, июнь айынын башында Сузак районунун тургуну экинчи аялына үйлөнүп, той бергендеги видео интернет тармагына тараган. Бул окуя Сузак РИИБге катталып, Жазык кодексинин 179-беренесине ылайык (эки жана андан көп аял алуу) кылмыш иши козголду. Учурда Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
https://youtu.be/Bpok9yfHHRw