SerepTV Logo

Жалал-Абадда эки унаа сүзүшүп, 41 жаштагы киши менен 25 жаштагы жигит көз жумду (сүрөт)

Жалал-Абадда эки унаа сүзүшүп, 41 жаштагы киши менен 25 жаштагы жигит көз жумду (сүрөт)

Бишкек-Ош унаа жолунун 280-чакырымында VOLVO оор жүк ташуучу унаа менен Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1980 жана 1996-жылы туулган эки жаран каза болуп, 6 эркек киши ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткиришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="69773,69774,69775"]