SerepTV Logo

Жалал-Абадда дүкөндүн алдында тартылган видеодон кийин текшерүү башталды

Жалал-Абадда дүкөндүн алдында тартылган видеодон кийин текшерүү башталды
Социалдык тармакка Жалал-Абад шаарында тартылган видео тарады. Анда темир көтөргөн балдар шаардагы дүкөндүн алдында ызы-чуу салышканын көрүүгө болот. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, видео 2-июль күнү тартылган. Саат 20:20 чамасында Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.