SerepTV Logo

Жалал-Абадда дүкөндүн алдында тартылган видеодон кийин 4 жигит кармалды

Жалал-Абадда дүкөндүн алдында тартылган видеодон кийин 4 жигит кармалды
Социалдык тармакка Жалал-Абад шаарында тартылган видео тараган. Анда темир көтөргөн балдар шаардагы дүкөндүн алдында ызы-чуу салышканын көрүүгө болот. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришип, видео 2-июль күнү тартылганын, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен. Жалал-Абад милициясы супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун катышуучуларын аныктаганын билдирди. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу пикир келишпестиктен улам келип чыккан. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="188088,188089,188090,188091"]