Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы карыянын сөөгү камыштардын арасынан табылды
Жалал-Абадда 1936-жылы туулган карыянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарында жашаган карыя 8-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Кара-Суу дарыясына агып кетти деген күмөн менен туугандары ӨКМге кайрылышкан.
Жерине издөө иш чараларын жүргүзүү үчүн №94 Кара-Көл шаардык 10 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар эркек кишинин жансыз денесин Кара-Суу дарыясынын жээгинен камыштардын арасынан таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62999,63000,63001,63002"]