SerepTV Logo

Жалал-Абадда бир аптада 33 айдоочу мас абалында унаасын башкарган

Жалал-Абадда бир аптада 33 айдоочу мас абалында унаасын башкарган
Жалал-Абад облусунда бир апта аралыгында 33 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 14-ноябрдан 20-ноябрга чейинки аралыкта жалпы 1242 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Анын ичинен 33 айдоочу унааларын мас абалында, 345 айдоочу катуу ылдамдыкта, 4 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн жана 24 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 836 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 42 автоунаа атайын айып короого коюлду.