SerepTV Logo

Тогуз-Тородо баңгизат даярдоого шектүү 4 жаран кармалды (сүрөт)

Тогуз-Тородо баңгизат даярдоого шектүү 4 жаран кармалды (сүрөт)
Тогуз-Тородо баңгизат даярдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, 23-июнь күнү Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун аймагында “ГАЗ 3110” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз жарандар барып, баңгизатын даярдап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Бул факты боюнча маалымат ошол эле күнү Тогуз-Торо РИИБнин Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 1986-жылы туулган, 1990-жылы туулган, 1991-жылы туулган жана 1992-жылы туулган Нарын шаарынын тургундары кармалып, алардын жанынан 5 даана ооздору байланган каптын ичинде өзгөчө кескин жыты бар жашыл-күрөң түстөгү заттар алынган. Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жалпысынан 33 килограмм 369 грамм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган. Жогорудагы төрт жаран 48 саатка Тогуз-Торо РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тогуз-Торо райондук сотунун 25-июндагы токтомунун негизинде эки жаран эки айлык мөөнөткө үй камагына бошотулуп, эки жаран эки айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайда калтырылган. Учурда тергөө иштери уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60142,60143,60144,60145,60146,60147"]
Unknown Author