SerepTV Logo

Жалал-Абадда балдардын шоктугунан үй өрттөндү (сүрөт)

Жалал-Абадда балдардын шоктугунан үй өрттөндү (сүрөт)

Жалал-Абаддагы Кербен шаарында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан шифер жабылган турак үйдүн 98 чарчы метр чатыры жана оор жүк ташуучу унаанын 7 даана дөңгөлөгү күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 12:46да өрттү чектөөгө алып, саат 13:20да толук өчүрүшкөн. "Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.