SerepTV Logo

Жалал-Абадда 98 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абадда 98 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 98 миллион 160 миң сомдук 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылдын 22-августундагы мыйзамсыз буйрук менен аталган шаардан 4 гектар жер аянтын ишкерлер ассоциациясынын бирине менчик катары автосервис куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.
edita