SerepTV Logo

Жалал-Абадда 9 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду. Атасы арыз жазуудан баш тартты

Жалал-Абадда 9 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду. Атасы арыз жазуудан баш тартты
Жалал-Абадда 9 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. "25-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн дарыгери тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарындагы Жеӊиш көчөсүнүн тургуну 9 жаштагы баланын Жалал-Абад шаарында жайгашкан бассейндердин биринде сууга түшүп жатып, кокусунан сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан каза болгон баланын жансыз денесине Жалал-Абад облустук ооруканасынын, Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын прокурорунун орун басары, атасынын катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун атасы бул боюнча арыз жазуудан жана медициналык соттук экспертиза өткөрүүдөн баш таркан. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.