SerepTV Logo

Жалал-Абадда 54 жаштагы кишинин үйүнөн 6 килограммдай баңгизат табылды

Жалал-Абадда 54 жаштагы кишинин үйүнөн 6 килограммдай баңгизат табылды
Ала-Бука милициясы жарандын үйүнөн баңгизат жана мыйзамсыз ок атуучу курал тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Аксы районунун Ак-Жол айылынын 1968-жылы тургунунун турак-жайына тинтүү жүргүзүп берүү жөнүндө билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү катталып, Кылмыш-Жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Тинтүүдө жарандын үйүнүн кампасынан баштыктарга бөлүп салынган, өзгөчө ири өлчөмдө, көк-жашыл түстөгү кескин жыты бар жана ак түстөгү майда унга окшогон зат, ошондой эле мыйзамсыз сакталып турган сайлуу ок атуучу курал, ок-дарылар, 130 миң сом табылган. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Андан сырткары тинтүү мезгилинде качууга үлгүргөн шектүүнү кармоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Экспертизанын корутундусунда 6 килограммдан ашуун “марихуана” баңги заты экендиги аныкталган жана экспертизалдардын корутундуларына ылайык кылмыш иштери козголду. 14-июнь күнү шектүү жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалды. Тергөө улантылып жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="118009,118010,118011,118012"]