SerepTV Logo

Жалал-Абадда 51 жаштагы киши экстремисттик материалдарды WhatsApp аркылуу таратып келген

Жалал-Абадда 51 жаштагы киши экстремисттик материалдарды WhatsApp аркылуу таратып келген
Милиция кызматкерлерине Жалал-Абад шаарынын аймагында Айбек (аты өзгөртүлдү) аттуу жарандын диний-экстремисттик материалдарды жана Конституциялык түзүмдү бузууга алып келүүчү чакырыктарды жасап жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБге катталып, Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын 51 жаштагы тургуну кармалды. Ал “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдарды жайылтуу менен уюмдун идеологияларын колдоого өзүнө жакын жашаган атуулдарга, кошуналарына, тааныштарына чай уюштуруп, аягында “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний-экстремисттик агымынын идеологияларын жайылтып, сабактарды өтүп мыйзамсыз аракеттерди көрүп жаткандыгы аныкталган. Мындан сырткары, идеологиясын интернет булактарында жайылтуу максатында өзүнүн Вотсап мессенжеринде “Махалла жура” аталышындагы тайпа ачып, ал жакта өзү жашаган аймактагы атуулдарды кошуп, “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний-экстремисттик агымынын идеологияларын чагылдырган материалдарды таратып жаткандыгы тергөө мезгилинде такталган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга камакка алынган. Ошону менен катар аталган кызмат тарабынан облус аймагында бул багытта эл арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.