SerepTV Logo

Жалал-Абадда 47 жаштагы жаранды жайытта таяк менен сабап, бычак менен сайып кетишкен

Жалал-Абадда 47 жаштагы жаранды жайытта таяк менен сабап, бычак менен сайып кетишкен
Жалал-Абадда 47 жаштагы жаранды талаада ур-токмокко алып, бычак сайган жарандар изделип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 24-апрелде түнү саат 02:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылында талаада жайытта ошол эле айылдын тургуну 1975-жылы туулган жаранды өзүнө сырттан тааныш болгон үч бейтааныш жаран колундагы таяктар менен ур-токмокко алышып, бирөөсү бычак менен белинин сол тарабына сайып салган. Кесепетинен жаран денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасынын хирургия-бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Издөө иштери жүргүзүлүп жатат.