SerepTV Logo

Жалал-Абадда 34 жаштагы жаран ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн

Жалал-Абадда 34 жаштагы жаран ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн
Аксыда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Сентябрь айынын башында Жалал-Абад облусунун аймагында жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Алынган маалымат Жалал-Абад ОИИБге Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, Аксы районунун 1987-жылы туулган тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн 7,62 калибрлүү “Сайга карабин” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 20 даана огу менен алынган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.