Жалал-Абадда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, 8-сентябрда саат 06:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөө Токтогул районунун Арал айылында 2 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.