SerepTV Logo

Жалал-Абадда 18 окуучу менен мугалим отурган класстын шыбы урады (сүрөт)

Жалал-Абадда 18 окуучу менен мугалим отурган класстын шыбы урады (сүрөт)

Жалал-Абадда мектептин шыбы урап түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы урап түшкөн. Кырсык катталган жерге 3 куткаруучу тартылып, 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылган. Жабыркагандар Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="110945,110946"]