Жалал-Абадда 16 жаштагы окуучуну топ балдар сабап кетишкен. Агасы арыз жазды
Жалал-Абадда мектеп окуучусун топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Ноокен РИИБге 31 жаштагы райондун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 1-июнь күнү саат 14:00 чамасында 2005-жылы туулган инисин топ балдар уруп койгондугун билдирген.
Бул окуя Ноокен РИИБге катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган. Окуяга катыштыгы бар балдардын аты-жөнү такталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.