SerepTV Logo

Жалал-Абадда 1 жаштагы наристе калем саптын капкагына какап каза болду

Жалал-Абадда 1 жаштагы наристе калем саптын капкагына какап каза болду
Жалал-Абадда 1 жаштагы наристе калем саптын капкагына какап каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. 17-май күнү саат 20:00 чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнөн "102" кызматына маалымат келип түшкөн. Ал маалыматта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын тургуну 1 жаштагы наристе үйүндө калем саптын капкагы менен ойноп жатып, кокусунан жутуп алып, аба жетпей окуя болгон жерде каза болуп калгандыгы билдирилген. Бул маалымат Жалал-Абад ШИИБге катталып, текшерүү иштери башталды. Бирок каза болгон наристенин атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты.