SerepTV Logo

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, зилзала Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-апрель күнү таңкы саат 04:32де очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Unknown Author