SerepTV Logo

Кара-Көлдө жол кырсыгынан 6 киши жабыркап, 2 адам каза болду

Кара-Көлдө жол кырсыгынан 6 киши жабыркап, 2 адам каза болду
Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталды.  Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 373-чакырымында (Капчыгай тилкеси) Хонда Одиссей жана Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, алты жүргүнчү жабыркаган. "Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалы оор", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author