Жактоочу келбегендиктен Айзада Канатбекованын сот иши 1-июлга жылдырылды
Айзада Канатбекованын уурдоо боюнча бүгүн, 15-июнда өтүүчү сот отуруму 1-июль саат 9:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Бүгүн болчу соттун отурумуна айыпталуучунун жактоочусу Сыймык Молдосариев сот жараянына келбегени белгилүү болду. Судья Салтанат Есенкулованын айтымында, сот отурумун жылдыруу өтүнүчү келип түшкөн. Ал онлайн процесстердин убактысы чектелүү экендигин жана жолугушуулардын жылдырылышы негизинен жактоочулардын жоктугунан улам болуп жаткандыгын билдирди. Жабыркаган тараптын коргоочусу дагы кесиптешинин жоктугуна нааразы болду. Нурбек Токтакуновдун айтымында, сот этика боюнча комиссияга кайрылышы керек.
Белгилей кетсек, айыпталуучулардын бешөө - Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, ошондой эле Орузбек Нурумбетов соттук отурумга жеткирилген эмес. Процесс онлайн режиминде жүрөт, анткени айыпталуучулар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тергөө абагынан алып келинбейт.