Жайылдагы "Орленок" балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды
Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген "Орленок" балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзгөн Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан "Орленок" балдар лагерин жеке жакка мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн", - деп билдирет УКМК.
Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган. Маалыматка ылайык, аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="273591,273592,273593,273594,273595,273596,273597"]