SerepTV Logo

Жайылда лимузин жол кырсыкка кабылды. Жаракат алгандар бар

Жайылда лимузин жол кырсыкка кабылды. Жаракат алгандар бар

Жайыл районундагы Полтавка айылында Chrysler үлгүсүндөгү лимузин жол кырсыкка учурады. Бул тууралуу Чүй облусунун жол көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 27-сентябрда саат 20:30 чамасында болгон. «Унаанын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Айдоочу унааны башкара албай, парапетке урунган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.