SerepTV Logo

Жайылда айылдашы менен урушкан жаран ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Жайылда айылдашы менен урушкан жаран ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды
Жайыл районунда ден соолукка оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 25-ноябрда саат 23:30 чамасында Сосновка айылында 1995-жылы туулган жаран менен 1997-жылы туулган жарандын ортосунда уруш чыккан. Кесепетинен 1995-жылы туулган жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1997-жылы тиуулган жаран кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды. Тергөө уланууда.