SerepTV Logo

Жайыл районунда улук сот аткаруучусу 26 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Жайыл районунда улук сот аткаруучусу 26 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Чүй облусунун Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 15-сентябржа Жайыл райондук сотунун кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалган. Буга чейин, Жайыл райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сотттук аткаруучусу, Кара-Балта шаарында жаранга тийешелүү дүкөндү жана батирди камакка алган. Аталган жарандан кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча аткаруу өндүрүшүнүн алкагында маселени оң тарапка чечип берүү үчүн 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.