SerepTV Logo

Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды
Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБине арыз менен Кожомкул айылынын 1989-жылы туулган тургуну кайрылып, 10-майга караган түнү белгисиз адамдар сарайынан 4 баш коюн уурдап кеткендигин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери бир катар ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүп, Чүй облусунун ИИББнин жана Жайыл РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Өндүрүш убагында шектүү адам уурдалган малды Аламүдүн районуна караштуу мал базарлардын бирине алып барып сатып салгандыгы белгилүү болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Unknown Author