Жайыл районунда мал уурдоого шектелип 22 жаштагы жигит кармалды
Жайыл районунан мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Жайыл РИИБге Федоровка айылынын 34 жаштагы тургуну К.М. арыз менен кайрылып, 17-ноябрь түнкү саат 23:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр анын сарайынан бир баш жылкы малын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомдон ашкан.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 2000-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, Москва районунда тургуну 1999-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин соттолгондугу маалым болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү жаран уурдалган жылкыны башка жаранга сатып жибергени аныкталып, мал милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ээсине кайтарылып берилген. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.